• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда 2017-жылы 43 заманбап мечит курулду

Аймак 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. Ош облусунда 2017-жылы 87 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, 43 мечит заманбап үлгүдө жаңыланып курулду. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын жылдык жыйынтыктоо жыйынында казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Абдималик ажы Турсунбеков билдирди.

“КРдин Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруунун алкагында диний объектерди мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүү максатына ылайык 2017-жылы Ош облусунун аймагындагы 87 мечит мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүлдү. Ал эми 43 мечит заманбап үлгүдө архитектуралык талаптарга ылайык кайрадан жаңыланып курулду. Мындан сырткары 300дөн ашуун мечиттин уставдары жаңыланып бүткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунда 838 мечит бар, алардын ичинен 809 мечит мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөн. Учурда 29 мечиттин тиешелүү архитектуралык документтери толукталып, каттоо иштерине даярдалып жатат” – деди А.Турсунбеков.

Ал эми жылды жыйынтыктоо саамалыгында мечиттерди каттоо ишиндеги аткарылган алгылыктуу иш чараларга облус казысы Самидин кары Атабаев жана казыят жамааты тарабынан “Эң жакшы” деген баа берилип, облус аймагында динди жайылтууда талыкпай эмгектенип, казыяттын курулуш жана мечит иштерин жогорку деңгээлде алып баргандыгы, жыл ичинде мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүдөгү кошкон зор салымы жана казыяттагы жигердүү ак эмгеги үчүн Абдималик ажы Турсунбеков ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий