• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда сутка ичинде 21 миң погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-май күнү Ош облусунун аймагында 2500 чарчы метр имараттын ичи, 24 500 чарчы метр имараттын сырты жана 21 000 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 100 кг хлор, 18 литр суюк хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий