• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош облусунун айрым айылдарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. 20-сентябрдан 23-сентябрга чейин Ош облусунун Кызыл-Кыштак жана Жаңы-Турмуш айылдарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери «Жаңы-Турмуш» Газ бөлүштүрүүчү станциясынын ресурсун калыбына келтирүү жана жылытуу сезонунда жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү максатында өткөрүлүп жатат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий