• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Регионду өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бийлик ишкерлерди ар тараптан колдойт

Аймак 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Ош шаарында “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан жеке ишкерлер менен бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жолдорун ортого салып, көйгөйлүү маселелерди чечүү багытында бизнес форум уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, шаарда жайгашкан баардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.

Алгач калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында аткарылып жаткан алгылыктуу иш аракеттерге, курулуш, инвестиция тартуу, жумуш орундары менен камсыз кылуу багыты боюнча маалымат берди. Ошондой эле , жеке ишкерлерге көйгөйлөрдү ортого салып, маанилүү маселелерди жеринде чечүү үчүн, ишкерликти илгерилетүү багытында бизнес семинары уюштурулуп жаткандыгын кошумчалады.

“ Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыктан келип чыккан милдеттерди аткарууну уюштуруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 35 пункттан турган атайын иш-чарасы кабыл алынган. Иш-чаранын негизин чакан жана орто ишкердикти колдоо, өнөр жай өндүрүшүн жолго салуу аркылуу жаңы жумушчу орундарды түзүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыздоонун, коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу сыяктуу шаар чарбасынын актуалдуу маселелери түзөт”,- деди А.Кадырбаев.

Жыйындын алкагында жеке ишкерлер өз сунуштарын берип, суроо жооп иретинде пикир алышуу болду.

Пикир

Оставить комментарий