• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында 31 мектептин аянтынан жерлер жеке жактарга сатылып кеткен

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Ош шаарында жалпы 52 мектептин ичинен 31 мектептин аянтынан жерлер жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар мэр Бакытбек Жетигеновдун май айында шаардагы мектептердин аймагын баштапкы калыбына келтирүү боюнча берген тапшырмасынын алкагында жүргүзүлгөн текшерүүдө белгилүү болду.

"Учурда кимге, качан, ким тарабынан берилгендиги тууралуу баардык маалыматтар такталып бүттү. Анын жыйынтыгы менен бүгүн укук коргоо органдарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өттү. Мында көрүлүүчү чаралар, мектептердин аянтын баштапкы калыбына келтирүү боюнча алдыда жасалчу жумуштар аныкталып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар укук коргоо органдарынан жана мекеме-ишканалардын юристтеринен турган жумушчу тобу түзүлдү. Аталган топ өздөрүнө тиешелүү болгон маалыматтарды жана иш кагаздарын ыкчам берүүнү камсыздап, соттук процесстерде бирдиктүү иш алып барышат.

Эске салсак, мектептердин аянтын жеке жактарга соода түйүндөрүн, турак жай жана коомдук жайларды салуу үчүн берүү фактылары 1991-2006-жылдар аралыгында эң көп катталган.

Пикир

Оставить комментарий