• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында аялдамалар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20./Кабар/. Ош шаарында аялдамаларды оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул иш-аракеттер шаар мэринин тапшырмасынын негизинде уланып, бир айдын ичинде 100дөн ашуун аялдамаларга реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, планга коюлган иштердин алкагында – аялдамалардагы жарыктандыруу системасы жаңыланып, жарнак жармаштырылып жарактан чыккан стенддердин айнектери алмаштырылат.

Коомдук транспорттор токтоочу жайлардын айланасы ирээтке келтирилип, отургучтар, жарнама илинүүчү жайлар сырдалат.

Пикир

Оставить комментарий