• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында "Араван — Ак-буура" суу каналынын кооптуу бөлүгү тосулду

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ош шаарында "Араван — Ак-буура" суу каналынын кооптуу бөлүгү тосулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматына билдирет.

Маалыматка ылайык, каналды тосуу боюнча атарылган иштер менен Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин башчысы Эраж Каниев, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Люк Патенада таанышкан.

Вице-мэр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, тосмолор жашоочулардын, жаш балдардын коопсуздугу үчүн тосулганын айтты.

"Ош шаарынын мэриясынын №1 "Туран" муниципалдык аймактык башкармалыгынын Набережная көчөсү аркылуу "Араван - Ак-буура" суу каналы агып өтөт. Аталган суу каналынын жээктери толугу менен тосулбагандыгына, аймактын тургундарынын өмүрүнө айрыкча мектеп окуучуларынын окуусуна барып келүүсү үчүн негизги жол канал аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу түшүп кетүү коркунучу жаралып келген. Жогорудагы көрсөтүлгөн маселелерди чечүүдө ЮНИСЕФ эл аралык жаш балдарды коргоо уюму тарабынан суу каналынын коркунуч туудурган жерлерин тосуу үчүн 7 500 АКШ долларлык (597 554,5 сом) курулуш материалдары түрүндө берилип, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын атайын долбоорунун негизинде Ош шаарындагы 32 жумушсуз жаран аталган суу каналдын жээгин тосуу максатында убактылуу жумушка тартылып, алардын ар бирине 8 460 сом жалпы 270 миң 720 сом акча каражаты маяна ирээтинде аткарган жумуштары үчүн берилди", - деди Шадыханов.

Учурда Ош шаары аркылуу өтүүчү "Араван - Ак-буура" суу каналынын кооптуу делген 900 метр бөлүгү толугу менен тосулуп бүттү.

Пикир

Оставить комментарий