• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. 31-декабрла Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Жаңы жылга карата майрамдык иш-чара өттү. Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, облустук жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, калаа тургундары жана коноктору катышты.

Иш-чарада облус өкүлү Абсаттар Сыргабаев жалпы катышуучуларды кирип келген Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, узап бара жаткан 2021-жылда Жалал-Абад облусунда бир катар алгылыктуу иштер аткарылгандыгын айтты.

Өкүл 2022-жылы да аймактарды өнүгүүсүнө койгон жигердүү аракеттер мындан кем болбосун белгиледи.

Жаңы жылдык майрамдык иш-чара концерттик программа, фейерверктер менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий