• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто пиротехникалык каражаттарды саткан соодагерлерге өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Ошто пиротехникалык каражаттарды саткан соодагерлерге өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Өзгөн райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан Өзгөн шаарынын борбордук базарында пиротехникалык каражаттарды саткан соодагерлерге өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-аракеттер ӨКМдин башчысынын тапшырмасынын негизинде республиканын бардык аймактарында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий