• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында ишембилик өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрь күнү Ош шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар, спортчулар, студенттер катышкан.

Ишембиликке чыккандар Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын, Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалашкан. Ошондой эле, ар бир ишкана өздөрүнүн мекемесинин айланасында ишембилик өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий