• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында кыргыз тилин даңазалаган инсталляция орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 29.01.23./Кабар/. Ош шаарынын “Жеңиш” аянтына белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрүн чагылдырган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, ОшМУнун проректору, шаардык мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү Мастура Шарипова, жаштар катышты.

Анын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдер сыйланышты.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий