• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Ошто жаңы санитардык полигон пайда болот. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев маалымдаганын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, азыркы полигондун жанына жаңы санитардык полигон курулат. Анын пландалган аянты 24 гектарды түзөт.

“Биз 5 жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок, ылайыктуу жер таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бирок, азыр иштеп жаткан полигонду рекультивациялоону европалык стандартка ылайык жүргүзүү зарыл, андан кийин ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталат”, - деди С.Жунусбаев.

Пикир

Оставить комментарий