• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы жеке ишкерлер үчүн айына бир ирет “Ачык эшик” күнү уюштурулат

Аймак 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Ош шаарындагы жеке ишкерлер үчүн айына бир ирет “Ачык эшик” күнү уюштурулат. Бул туурасында бүгүн, 17-майда Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурлган бизнес форумда калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев сунуштап, ишке ашырууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды. “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында уютурулган жеке ишкерлер менен жолугушууда бир топ маселелр ортого салынды.

Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун Түштүк аймагы боюнча өкүлү Санжар Эргешов аталган фонд Ош шаарында март айынын аягынан тарта иштеп баштагандыгын билдирип, жеке ишкерлерге долбоорлорду ишке ашыруу багытында насыя алуу абоюнча түшүндүрмө берип кетти.

Ал эми Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов дал ушул багытта ишкерлерге насыя алуудагы иш кагаздарынг жеңилдетүүнү карап чыгуу сунушу берилди.

Ага улай Экономика министрлигинин Ош шаардык секторунун башчысы, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин Түштүк региону боюнча адиси, ПРООНдун соодага көмөк көрсөтүү долбоорунун координатору, бир нече ЖЧКлардын өкүлдөрү, ишкерлер сөз сүйлөп, өз сунуштарын ортого салды.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жыйынтыктоо сөзүн айтып жатып, көптөгөн маселелерди жеринде чечип, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү багытында колго алып, бир айда бир жолу тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеке ишкерлерге “Ачык эшик” күнүн уюштуруу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан жеке ишкерлер менен бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жолдорун ортого салып, көйгөйлүү маселелерди чечүү багытында бизнес форум уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, шаарда жайгашкан баардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий