• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.

Ал 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий