• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри синдрому бар балдардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. 21-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жубайы менен бирге Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебине барды, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, калаа башчы мектепте тарбияланган Даун синдрому бар балдарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Ошондой эле 21-март Даун синдрому бар адамдардын эл аралык күнүнө карата 50 миң сом акча каражатын тапшырды. Ал эми балдар тарабынан конокторго концерттик программа тартууланды. Эскерте кетсек, мектепте 39 Даун синдрому бар бала тарбияланат.

Ага улай калаа башчы "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондуна барып, андагы шарттар, көйгөйлөр менен таанышты. "Күн балдары" үчүн түзүлгөн фонд тарабынан негизделген күндүзгү ресурстук борбордо 30 бала окуйт. Ал эми фонддун өзү түштүк регионундагы 200 балага кам көрөт. Мындагы балдардын керектөөлөрү үчүн мэрия тарабынан 100 миң сомдук акчалай сертификат берилди.

Алмаз Мамбетов "Жамгыр балдары" коомдук кайрымдуулук фондунан да кабар алды. Аутизм, Даун синдрому жана шал оорусунан жабыркаган балдарга кам көргөн фондго 20 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Аны менен бирге Нооруз майрамы менен куттуктап, балдарга таттууларды тапшырды.

Жолугушууларда бул балдар менен иштешүү үчүн адистердин жетишсиздиги айтылды. Мэр массажист, логопед өңдүү зарыл болгон адистердин квалификациясын жогорулатууга жардам берүүнү убадалады. Ошондой эле кийинки жылы мындай балдар үчүн борбор ачуу сунушу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий