• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таш-Көмүрдө катуу жааган жаандан улам 4 үйдүн короосун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Таш-Көмүрдө катуу жааган жаандан улам, арыктардан суу ашып 4 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында кечээ, 10-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында катуу жааган жаандан улам арыктардан суу ашып, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн короосун суу каптаган.

"Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жана шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барган. Тазалоо иштерин уюштуруу жергиликтүү бийликке милдеттендирилген", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий