• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Суу шаарынын тургундарынын 68%ы жылуулук менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Кечээ, 20-январь саат 20:30га карата Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү таза суу жана турмуш тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сууну ӨКМдин өрт өчүрүү кызматы жана жеке менчик унаанын жардамында жеткирилген.

Белгиленгендей, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген адистер чакыртылып, катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерин баштады.

"Ал эми буга чейин №1, №4 от казандар ишке киргизилип, бүгүн №3 от казанга альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлууда.

Жалпысынан шаар тургундарынын 68% пайыз жылуулук менен камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жеринде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техника тартылып, казуу иштери жүрүүдө.

Белгиленгендей, кечээ кечинде координациялык жыйын болуп, Жарандык коргонуу кызматтынын башчысынын орун басары Э.Маматаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров, Жогорку кеңештин депутаты Т. Мамытов катышып, Майлуу-Суу шаардык жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий