• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын вице-мэри жылуулук берилген төрөт үйлөрүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. 9-октябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев саламаттык сактоо мекемелерине бериле баштаган жылуулук системасын текшерип чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, от казандарды текшерүү учурунда Ош шаардык төрөт стационарынын жана облустук төрөт үйүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүп, жылуулук үзгүлтүксүз берилерин билдирди.

Ош шаардык төрөт стоционарында учурда 116 жаңы төрөлгөн ымыркай бар. Ал эми облустук төрөт үйүндө 145 ымыркай бар.

"Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Беделбай Кыдырбердиевдин айтымында, ар бир саламаттык сактоо мекемелеринин отказандарынын кызматкерлери тийиштүү окуудардан өтүп, керектүү жабдыктар менен толук кандуу камсыздалган.

Ош шаарына жылуулук берүүгө жылуулук камсыздоо ишканасы менен ЖЭБ даяр.

Пикир

Оставить комментарий