• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору": 20-апрелде салтанаттын расмий ачылышы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. "Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын расмий ачылышы 20-апрелде болот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий ачылыш кечки саат 19:00дө Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда болуп өтөт. Анда келген коноктор жана шаар тургундары үчүн концерттик программа көрсөтүлөт.

"Түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, якутиялык этно-ырчы Юлияна Кривошапкина, Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекеттик бий ансамблдери, Казакстандын "Казына", "Жорга", "Шолпан", Өзбекстандын "Тумор" бий ансамбилдери, Кыргызстандын "Шаттык" элдик бий ансамбли жана курама эл аспаптар оркестрлери конок болушат" , - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, салтанатта Кенже Көбөкова, Жоламан Үсөн уулу, Элнура Самарбекова, Гүлзада Рыскулова, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Нурайым Азыкбаева, Назбек Кенченбаев, Айпери Кулбаева, Ырыскелди Осмонкулов, Асылбек Өзүбеков, Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Темир Назаров жана башкалар өнөрлөрүн тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий