• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Жылкыбаев Кара-Суу районундагы дан эгиндерин оруп-жыйноо иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу районунун аймагында дан эгиндерин оруп-жыйноо иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусунудагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн кылкандуу дан жана пахта өндүрүүчү II категориядагы "Таширов" айыл чарба үрөнчүлүк чарбасында буудай орууну баштоо аземи болгон.

"Бул чарбанын 23 жылдан берки салттуу иш-чарасы. Ар жылы кооперативдин 30 мүчөсү жыйылып, кырманга береке тилеп, оруу ишинин башталышын белгилейбиз", - дейт кооператив башчысы Зарипбек Жоошбеков. Бүгүнкү күндө алардын 50 техникасы, техника оңдоочу гаражы, дан кургатуучу кампасы жана сугат үчүн жеке насосу бар.

Узарбек Жылкыбаев азык-түлүк менен камсыздоо багытында иштеп жаткан ата мекендик дыйкан жана ишкерлерди колдоо башкы багыттардан экендигин белгилеп, аталган чарбанын көйгөйлөрүн уккан. Зарипбек Жоошбаевдин айтымында, алардын сугат суу насосу электр энергиясы менен иштегендиктен, ал үчүн төлөм айына 40-50 миң сомго жетет. Ал нерсе баасы өтө эле жогору болбогон буудай менен пахта өндүрүүдө көйгөй болууда. Жылкыбаев жергиликтүү бийликке күн энергиясын пайдаланып электр өндүрүүчү күн батарейкаларын алуу үчүн аз пайыздуу насыяга алууга артыкчылык берүү жана уюштуруу тапшырмасын койгон.

“Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында Ош облусу боюнча бүгүнкү күндө 465 жаранга 95 млн 4 миң сомдук жеңилдетилген насыялар берилген. Анын ичинен 89 жаран мал чарбасына 45 млн 979 миң сомдук, 375 жаран талаачылыкка 10% менен 46 млн 125 миң сомдук жана 1 жаран кайра иштетүү тармагына 6% менен 2 млн 900 миң сомдук насыя алган. Бул жеңилдиктерди пайдаланып, Ош облусунда бул жылы 19,5 гектарга жаздык буудай айдоо пландалса, карантиндик шартка байланыштуу азык-түлүк каатчылыгын алдын-алуу аракеттеринин алкагында буудай 3 миң 500 гектар аянтка көп айдалып, 23 миң гектарга буудай, 19,5 миң гектарга арпа себилген. Күзгү айдоо иштери кошулуп, облуста 41,1 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери айдалган.

Пикир

Оставить комментарий