• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия өнүктүрүү банкы коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 20 млн доллар бөлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө COVID-19 коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн саламаттык сактоо тармагын чыңдоого көмөктөшүү максатында Азия өнүктүрүү банкы 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

“Долбоор COVID-19 вирусун дарылоо борборлору катары белгиленген өлкөдөгү ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат. Ал ооруканаларда интенсивдүү терапия үчүн кошумча 80 орун ачылып, аларга тез жардам унаалары, медициналык багыттагы керектүү каражаттар берилет. Бул ооруканалардагы саламаттык сактоо кызматкерлери жеке коргонуу каражаттарын алып, ошондой эле адистештирилген окуудан өтүшөт жана татаал эмгектенүү шартына байланыштуу кошумча колдонмолор менен камсыз болушат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий