• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Самат Кылжыев өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министринин мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле башка жарлык менен «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий