• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУда Робототехника окутуу борбору ачылат. Студенттер 2 баскычта билим алат

Билим 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын кардарлар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн директору Ли Ся баштаган өкүлдөрдү кабыл алды.

Окуу жайдан билдиришкендей, жолугушууда ОшМУда Робототехника окутуу жана лаборатория борборун ачуу, робототехника жаатында адистерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ОшМУ менен Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимге ылайык жаңы окуу жылында Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачылып, аталган адистикке студенттер кабыл алынат.

Жолугушуунун алкагында тараптар ОшМУнун №12 Кесиптик лицейинде курулуш иштери жүрүп жаткан окуу-өндүрүштүк корпусу менен таанышты. Окуу-өндүрүштүк корпусунун бир бөлүгүнө Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачылат. Борборго аталган компания тараптан робототехника адистигине ылайык техникалык жабдуулар алынып келет. Роботехника адистигинде билим алган студенттер 2 баскычта билим алат. Биринчи баскычта роботторду үйрөнүшсө, экинчи баскычта робот тетиктерин чогултуу боюнча билим алышат.

Маалымат үчүн: Jiangsu Huibo Robotics компаниясы 2001-жылы негизделген. Учурда Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.

Пикир

Оставить комментарий