• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 630 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кечээ, 1-сентябрда Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен гранттык негизде курулган А.Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясынын ачылыш аземи болду.

Ага КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатасынын төрагасы Нигматулла Юлдашев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош облусунун жана Андижан облусунун жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ата-энелер, окуучулар жана шаар тургундары катышты.

Д.Жумабеков шаардыктарды жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, эки элдин достугу, соода-экономикалык, маданий гуманитардык мамилеси тууралуу сөз сүйлөдү.

Мектептин курулушу өткөн жылдын октябрь айында башталып, курулушту Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы ООО “Трест-12” курулуш компаниясы ишке ашырды. Жалпы аянты 1,15 гектарды түзүп, окуу корпусу, ашкана, жыйындар залы,спорт залы, кичи футбол жана баскетбол аянтчалары камтылган. Ошондой эле, заманбап жабдыктар жана эмеректер менен менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий