• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 90 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Оштогу облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бөлүмдүн ачылышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жана дарыгерлер катышты.

Оштогу өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап, COVID-19 оорусу менен күрөшүүгө салымын кошкон дарыгерлерге Ардак грамота тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

“Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышы абдан керектүү болуп жатат. Анткени өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалда, аталган бөлүмдө көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калат деп ишенем. Учурдан пайдаланып өз өмүрүн тобокелчиликке салып, коронавирус менен күрөшүп, биздин ден-соолугубузга кам көрүп жаткан ак халатчан дарыгерлерибизге ыраазчылык билдирем ”, - деди Бактыбек Алайчиев

Ош облустук бириккен клиниалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын оңдоо иштери 2020-жылдын 27-декабрында башталган.

Каптиталдык оңдоп-түзөөгө Дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу 18 миллион 348 миң сом каражаты бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жугуштуу оорулар бөлүмү COVID-19 оорусунун оор түрүнө кабылган бейтаптарды кабыл алууга ылайыкташтырылды.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1976-жылы курулган. Бирок 45 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий