• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Ак калпак майрамына миңге жакын жаштар катышып, Сулайман-Тоону тазалашты

Аймак 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Кечээ, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү. Алгач “Кыргызстан” театрында концерттик программа уюштурулуп, анда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн аскерлери сынактарга катышты.

Ошондой эле, шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан патриоттук ырлар жаңырды. Концерттик программанын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов Ак калпак күнү менен куттуктап сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1000ге жакын шаар жаштары патриоттуулукка чакырып, жөө жүрүш менен Сулайман-Тоого чыгышты.

Анда жаштар тазалык акциясына катышып, Сулайман-Тоонун айланасын тазалашты. Ага улай “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде Ак калпакчандардын флешмобу уюштурулуп, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Айта кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган.

Демилге эл тарабынан колдоого алынып, Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий