• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда, Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради, министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, жашоочулар жана мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.

Мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып, бардык шарттар түзүлгөн. Спорт зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган. 2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд Өнүктүрүү фонду каржылады. Ага ылайык, жаңы мектепти куруп берген тарапка шаар башчы Алмаз Мамбетов ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. 2021-жылы 2 мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилди. Дагы 4 мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий