• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто инфраструктуранын өнүгүүсүнө салым кошкон куруучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Ошто инфраструктуранын өнүгүүсүнө салыш кошкон куруучулар сыйланды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Оштун мэри Бакытбек Жетигенов куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларды шаардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, курулуш тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн бир катар курулушчуларды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий