• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто интеллигенттердин “Улуу-Рух” коомдук бирикмесинин алгачкы жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында интеллигенттердин “Улуу-Рух” коомдук бирикмесинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага коомдук ишмер Орозбек Акимбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышты.

Досматов интеллигенция ар дайым коомдун алдыңкы өзөгү болуп келгендигин, анткени анын курамында билимге ээ, учурдун актуалдуу маселелерин терең ойлонууга жөндөмдүү, ар кыл тармактагы эмгек сиңирген ишмерлер бар экенин белгиледи.

“Сиздердин сунуштарыңыздар коомдук турмуштун, бүтүндөй мамлекеттин ар кандай чөйрөлөрүн өнүктүрүү үчүн ар дайым баалуу. Ишиңиздердин жыйынтыгы жемиштүү болуп, элдин жыргалчылыгына кызмат кылсын”, - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө аталган коомдук бирикме Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына экономикалык, социалдык, маданий багыттарга багытталган иш-чараларды жана милдеттерди ишке ашырууда натыйжалуу жардамдарды сунуштап жаткандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий