• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгын текшерүүгө алышты.

Анын жүрүшүндө аталган аймакта жайгашкан жарнама илинген бардык имараттар текшерилип, 34 мыйзамсыз жана эскилиги жеткен жарнактар жеринен алынып салынды.

Ошондой эле, КР “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 12 ижарачыга эскертүүлөр берилди.

Текшерүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий