• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто коменданттык саатты бир дагы жаран бузган жок - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Ош шаарында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда түндө коменданттык саатты бир дагы жаран бузган жок. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, коомдук-саясий абал туруктуу.

"Коменданттык саатты бузбагандардын себебин түнү бою жамгыр жаап жатканы менен түшүндүрсө болот. Ошондой эле эл жоопкерчиликти сезип, тартипти бузбай калды", - дейт ал.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 430га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкер. Коронавирустан 71 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий