• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто коммуналдык чарба кызматкерлердин арасында волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта коммуналдык чарба кызматкерлердин кесиптик майрамына карата уюштурулган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жеңүүчүлөргө кубокторду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды

Эркектер арсындагы волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:

1-орун Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгы;

2-орун Ош “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы;

3-орун “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасы.

Ал эми айымдар арасында төмөндөгүчө жыйынтыкталды:

1-орун Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгы;

2-орун “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасы;

3-орун Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты.

Ошондой эле, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты коргоочу” номинациялар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий