• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто курулушу мыйзамсыз деп табылган тамактануучу жай сүрдүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Ошто курулушу мыйзамсыз деп табылган тамактануучу жай сүрдүрүлдү, деп билдирет Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, агенттиктин иректору Нурдан Орунтаевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында бир катар мыйзам бузууларды аныктап, жеринен чаралар көрүлдү.

Алсак, Ош шаарындагы Г. Айтиев, 16А көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу тамактануучу жайдын имаратынын курулушу соттун чечиминин негизинде мыйзамсыз деп табылып, буздурулду.

Курулушту тартипке келтирүүнү Орунтаев жеке өзү көзөмөлдөгөн.

Агенттиктен кошумчалашкандай, ведомствонун башчысы ар бир курулуш же имаратты пайдалануу мыйзам талаасында гана жүргүзүлөрүн эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий