• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: "Кара-Суу" базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулушат

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. "Кара-Суу" базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулушат, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бүгүн аталган базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы митингге чыгышкан. Ага байланыштуу МСК төмөнкүлөрдү билдирет.

"Митингдин катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда нааразылык акциясы аяктап, анын бардык катышуучулары экономикалык өз иштерин улантышууда.

Белгилей кетсек, "Кара-Суу" СБКнын аймагындагы бардык базарлардын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу милдеттенмесинен бошотулушат.

Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге "Дордой" жана “Тураталы эл базары" (Кара-Суу) базарлары кирет.

Стратегиялык объекттерге кирген базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат.

Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, КНСти алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары, товарларды сатууга карата колдонулат".

Пикир

Оставить комментарий