• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

24-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Эртең, 24-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36, Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36, Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, жалла-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 33...38 градус ысык болот.

Эртең, 24-июлда Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы түнкүсүн 20...22, күндүз 34...36 градус.

Пикир

Оставить комментарий