• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кенекеев: КРда диний экстремизмдин өсүшү байкалууда

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда кылмыштуулук 0,8% өскөн, айрыкча, диний экстремизмдин өсүшү байкалууда. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

Социал-демократтар кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана республикада бизнес коопсуздугун камсыздоого көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат угушту.

Кенекеев акыркы маалыматтар боюнча, республикада 597 диний экстремизм фактысы катталганын билдирди. Жалпысынан 2017-жылы 27 миң кылмыш катталса, 2018-жылдын башынан бери 1600 факты катталган.

Анын айтымында, экономикалык кылмыштардын натыйжасында мамлекетке 4 млрд сом зыян келтирилген. “Мамлекетке келтирилген 2 млрд сом зыян калыбына келтирилген”, - деп кошумчалады Кенекеев.

Буга чейин Башкы прокуратура 2017-жылы республикада экстремисттик жана террордук мүнөздөгү 159 интернет-ресурс жана социалдык тармактардагы аккаунт аныкталганын билдирген. Бул сайттардын бардыгы соттун чечими менен жабылган.

Пикир

Оставить комментарий