• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. 11-ноябрда Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин КР УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында облустук лидерлердин бири "Амир" "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аталган чет элдик жаран Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, "Хизб-ут-Тахрир" ЭТУнун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргызстандын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдын Кыргызстандын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.

Пикир

Оставить комментарий