• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто массалык ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Ош шаарында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик өтөт.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, күн мурун Ош шаарынын мэриясында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата тазалык акциясын уюшкандыкта өткөрүү боюнча жыйын өткөн. Ага шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Анда тазалык акциясын, шаарда массалык ишембилик өткөрүү 21-сентябрга белгиленди.

"Ош шаарында өткөрүлүүчү "Тазалыктын дүйнөлүк күнү" экологиялык акциясы "Эко-Дэми" коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлөт. Ош шаарынын тургундарын жогоруда аталган акцияга активдүү катышып берүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий