• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Мэрия кызматкерлери сурак берди

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жана 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурумда "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушу менен байланышкан эпизод боюнча мэриянын жана капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү сурак беришти. Сурактын жүрүшүндө күбөлөр билдиргендей, бюджеттен каражат бөлүнгөн учурда тендер өткөрүлүшү керек.

Соттук отурум 23-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий