• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.02.21. /Кабар/. Ошто 18-19-февраль күндөрү милициянын полковниги Уран Алиевдин жаркын элесине арналган жана 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюнга жалпы 11 команда катышты. Эки күнгө созулган командалардын беттешинин жыйынтыгында 1-орунду Ош ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун командасы, 2-орунду Өзгөн РИИБдин курама командасы, 3-орунду ИИМдин «Шумкар» АБПнун №3 батальонунун Ош облусу боюнча атайын операциялар отрядынын командалары ээлеп, 1-2-3-даражадагы кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Мындан сырткары мыкты чабуулчу, мыкты коргоочу жана мыкты дарбазачыларга да атайын диплом, акчалай сыйлыктар берилди.

Эскерте кетсек, милициянын полковниги Уран Алиев 2005-жылы 5-апрель күнү уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү учурунда баатырларча курман болгон. Анын элесне арналган спорттук мелдеш 2006-жылдан баштап өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий