• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто аткезчилик жолу менен ташылып келген картошка кармалды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Ошто бажы кызматкерлери салмагы 22 тоннадан ашкан аткезчилик жолу менен ташылып келген картошканы кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында чектеш мамлекеттерден товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө шектелген жарым чиркегичи менен Renault Magnum үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны Ж.Т.Э. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерүүдө жалпы наркы 511 миң 612 сомду түзгөн, салмагы 22 тонна 244 кг картошка табылган. Жүк чектеш мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келинген.

Бул факт КБР МЭЖ АМСта катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий