• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев дары-дармектерди чыгаруу өндүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ата мекендик ишканалар менен таанышуу алкагында Чүй облусунун Сокулук айылындагы «Биовит» дары-дармек чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал өндүрүштүк жайларды, лабораторияларды кыдырып чыгып, ошондой эле жаңы заводдун имаратынын курулушу менен таанышты.

Ишканага барууда Бакыт Төрөбаев фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында тармактын актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик колдоо, маркировкалоо, дарыларды каттоо жана экспортту өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алууну жактай тургандыгын билдирди.

«Биздин максат – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, экономика, өнөр жай тармагын, анын ичинде фармацевтика тармагын мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Бул импортту алмаштыруу маселелерин чечип, өлкөнүн ички рыногун тийиштүү дары-дармектер менен камсыздап, келечекте экспортко чыгууга мүмкүндүк берет», - деди ал.

Маалымат үчүн: 100 ашуун адам эмгектенген ишканада 83 ашуун генерикалык дары-дармек каражаттары өндүрүлөт. Завод дары-дармектин дагы 32 түрүн чыгарууну пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий