• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровду эскеришти

Аймак 0

Ош, 13.01.18. /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Кечээ, 12-январда Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Ага Ош шардык мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.

Улуу талант Р.Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын жанында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гул чамбарлар коюлду.

Митинг-реквиемдин катышуучулары сөз сүйлөп, Рыспай Абдыкадыров кыргызга бир келчү өчпөс талант экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын келгендерге сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорунун кесепетиен көз жумган, анын көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий