• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто салык кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Салык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рахманберди Аданов жана салык кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө Бакытбек Жетигенов кесип ээлеринин оор, жоопкерчиликтүү ишин, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө кошкон алгылыктуу салымын белгилеп, ардактуу кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгек жолунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ош шаарынын мэриясынын атынан Ардак грамоталары менен сыйлады.

Белгилей кетсек, жыл сайын 1-июлда салык кызматынын бардык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий