• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто шаар тургуну мейманканасын пневмония менен ооругандарды кабыл алуу үчүн пайдаланууга берүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Ош шаарында Жаныбек Ажимаматов аттуу шаар тургуну мейманканасын пневмония менен ооругандарды кабыл алуу үчүн пайдаланууга берүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

“Ош шаарынын тургуну Жаныбек Ажимаматов 6-июлдан тарта “Классик” мейманканасын пневмония менен ооругандарды жаткыруу үчүн убактылуу госпиталь катары пайдаланууга берип жатат”, - деп билдирет Ош шаарынын мэриясы.

Ош шаарынын мэриясы кыйын кырдаалда мейманканасын оорулуулар үчүн акысыз пайдаланууга берип жаткан Ажимаматовдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий