• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто сот кызматкерлеринин аракеттеринен улам жаран 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам КР Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, И.Б. аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий