• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук гвардияда мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күндөрү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-февралында Мекен коргоочулардын күнүн утурлай КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүндө ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы билдирди.

Иш-чарага Бишкек, Кант шаарларынын жана Арашан айылынын жалпы билим берүү мекемелеринен миңге жакын окуучулар катышты. Ошондой эле мектеп окуучулары менен биргеликте КР ЖК депутаты Тазабек Икрамов жана Акылбек Түмөнбаев катышып, Мекен коргоочуларды алдыдагы майрамы менен куттуктап, кызматында өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына ардак грамоталарын тапшырды.

Келген конокторго аскер бөлүктүн жоокерлери кол кармаш урушунун ыкмаларын, шут-хаустарды көрсөтүп, курал жарактардын көрсөтмөсү болду. Мындан тышкары, окуучулар жоокерлерге түзүлгөн шарттар, тамак ашы жана күжүрмөн кызматы менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий