• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда оор кылмыш жасашкан жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамаларында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган Н.Х. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, маркумдун жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө табылган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка табылган.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында башкармалыктын тажрыйбалуу кызматкерлеринин арасынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жана алынган маалыматка ылайык, Ош ОИИБнин жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан маркум менен Россия Федерациясында бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х. уулу Б. аттуу тургуну изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.
Шектүү өз көрсөтмөсүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого досторун үгүттөп, А. жана У. аттуу достору менен 2018-жылдын 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө барып, үйдүн арткы тарабындагы дубал аркылуу өтүшүп, үйдүн бурчунда турган балканы алып, үйгө киришип, уктап жаткан Н.Х. аттуу жабырлануучуну 3-4 жолу балка менен уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып үйдөн чыккан соң, издерин жашырып качып кетишкен.
Ошондой эле, кармалган жарандын жогоруда аталган досторунун бири Ош шаарындагы чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган. Андан соң, Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б.у.У. аттуу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда шаардын кире беришиндеги тосмо пунктунан автоунаада келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Учурда шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий