• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Мыйзамсыз жер сатууга шектелип Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З., кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары тарабынан жайыт жер тилкелерин трансформацияланбастан мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З., кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий