• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто "Сулайман-Тоо" милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, күч түзүмдөрдүн, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Жалпы аянты 1400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу административдик имаратты куруу үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан 18 сотых муниципиалдык жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий